Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов баштаган делегация эки күндүк иш сапар менен Нарын облусуна келди.
Алгач делегация өкүлдөрү Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда эки тараптын буга чейинки кызматташтыгы, Кыргыз-орус өнүктүрүү, "Евразия" коммерциялык эмес фонду тарабынан ишке ашкан долбоорлор тууралуу сөз болду. Ошондой эле билим берүү жаатында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, орус тилин жана маданиятын жайылтуу багытында иш алып баруучу кеңсесин ачуу боюнча сертификатын тапшырды.
Делегация башчысы Игорь Маслов Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөн жүрүшкө өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеңишке салым кошкон Кыргызстандык жоокерлердин урпактарынын катышуусу өзгөчө окуя деп белгиледи.
Ошондой эле ал Ат-Башы жана Кочкор районунан инженердик техникалык жана эсептик илимдерге кызыккан 30 окуучу жана мугалимдер тандалып, так илимдер боюнча тереңдетилген билим алуу үчүн аларга келечекте Россиянын алты жогорку окуу жайынын бирин тандап окууга мүмкүнчүлүк берилерин айтты. Ал эми быйыл Орусиядагы жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде окууга кыргызстандык абитуриенттерге 700 квота бөлүнгөн.
Россиядан келген делегация өкүлдөрү Нарын шаарындагы "Тянь-Шань" паркындагы жана Ат-Башы районунун борборундагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына тургузулган эстеликке гүл чамбар коюшат. Ошондой эле калаадагы В. Чкалов мектебине, Ж. Шералиев атындагы балдардын искусство мектебине жана Ат-Башыдагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектебине белектерди тапшырат.
Мындан тышкары облустагы Улуу Ата Мекендик согуштун көзү тирүү жападан жалгыз ардагери Сатынды Жапаровдон кабар алып, Москва шаарынын Кызыл аянтында Жеңиштин 80 жылдыгына карата жүрүшкө чакырылган согуш ардагерлеринин урпактары менен жолугушат. Нарын мамлекеттик университетинде болуп, "Россия мир" фондунун орус тили боюнча кеңсесин ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана "Россотрудничество" фонду тарабынан аталган окуу жайга өткөрүлүп берилген "Согуштун хроникасы" Жеңиш музейинин көргөзмөсүн көрүп, НМУнун орус тилин окутууну колдоо борборуна белектерди берет.
Ошондой эле Россия делегациясынын өкүлдөрү менен Нарын облусунун бийлигинин катышуусунда "Газпром балдарга" спорт комплексинде волейбол оюну боюнча достук мелдеши өтөт.
Россия делегациясы "Куланак" ГЭСинин курулушун көрөт жана "Таш Рабат" кербен сарайына да барат.