Жаңылыктар
Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору ири алдамчылыкка шектелип кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору ири алдамчылыкка шектелип кармалды

 УКМКнын дарегине А.Г.Н. аттуу жаран Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директоруна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, ал 11 700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган жана Ош облусунун аймагында жеке турак-жай үчүн жер тилкесин берүүнү убада кылган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө К.У.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишенимге кирип, алдоо жолу менен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.

Келип түшкөн материалдардын натыйжасында, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу РИИБ менен биргеликте келип түшкөн аудио-видео материалдарды иликтеп чыгып, натыйжада Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору К.У.Б. кармалып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

 Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, кылмыш схемасынын бардык катышуучулары аныкталууда.