Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жол курулушунун жүрүшү менен таанышып, Айгүл-Таш – Согмент – Таян багытындагы жолду асфальттоо иштерине расмий түрдө старт берди.
Иш-чарага айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жолдун жалпы узундугу 24 чакырымды түзөт. Анын ичинен быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 5 чакырым аралыкка асфальт төшөлүүдө. Бул аралык Айгүл-Таш айылы менен Согмент айылын байланыштырган бөлүк болуп саналат.
Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолу Баткен районунун Алтын-Бешик, Суу-Башы жана Кара-Бак айыл аймактарындагы жалпы 15 айылдын тургундары үчүн маанилүү транспорт каттамы болуп эсептелет.
Жергиликтүү эл жол курулушун кубаттап, анын бүткөрүлүшү айылдар аралык байланыштарды жакшыртып, жүк жана жүргүнчү ташууну жеңилдетерин белгилешти.
Аймакта инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да уланары айтылды.