Жаңылыктар
Соң-Көлдө эл аралык ат чабыш өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Соң-Көлдө эл аралык ат чабыш өтөт

Быйылкы жылдын 19-26-июль күндөрү Нарын облусунун коюнундагы кооз Соң-Көл жайлоосунда Gallops – 2025 эл аралык ат чабыш долбоору өтөт. Бул уникалдуу иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жатат.

GALLOPS — дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 100гө жакын кесипкөй жана VIP-чабандестерди, атактуу инсандарды, кино жылдыздарын жана падышалык үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрүн чогулткан өзгөчө эл аралык саамалык. Алар 5 күн аралыгында Жумгал районунун Кызарт айылынан баштап Соң-Көлдү айланып, жалпы 200 чакырымды ат менен басып өтүшөт.

Бул иш-чара Кыргызстан үчүн чоң туристтик мүмкүнчүлүктөрдү ачары күтүлүүдө. Долбоор Нарын облусун жана Соң-Көл аймагын дүйнөлүк туристтер үчүн коопсуз, уникалдуу жана жаратылыш менен шайкеш келген жаңы багыт катары таанытууну максат кылат.

Gallops жарышы буга чейин 2014-жылы Оманда, 2018-жылы Мароккодо, 2019-жылы Индияда жана 2021-жылы Иорданияда ийгиликтүү өткөн.

Кечээ Кызарт айылында иш-чарага даярдык боюнча биринчи уюштуруу жыйыны өтүп, анда дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров, долбоордун Кыргызстандагы жетекчиси Азамат Жаманкулов жана эл аралык уюштуруучулар коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана логистика маселелерин талкуулашты.

GALLOPS – 2025 дүйнөлүк деңгээлдеги медиа чагылдыруу менен коштолуп, өлкөнүн туристтик имиджин көтөрүүгө чоң салым кошоору күтүлүүдө.