Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 26-майда өлкө аймагындагы бардык мектептерде өтө турган “Акыркы коңгуроо” салтанатында коомдук тартип менен катар жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын билдирди.
ИИМдин ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Джоробеков билдиргендей, республикада жол кыймылынын коопсуздугу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу — мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелердин бири болуп саналат.
Иш-чара өтө турган күнү эл көп топтолуучу жерлерде жана билим берүү мекемелеринин айланасында кошумча көзөмөл пункттары уюштурулуп, күнү-түнү нөөмөттүк тартипте күзөт жүргүзүлөт. Бул максатта ИИМдин борбордук аппараты жана аймактык бөлүмдөрү тиешелүү нускамаларды алышты. Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигине жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга да тиешелүү тапшырмалар берилген.
ЖКККББ ата-энелерге балдарын автоунаа башкарууга жол бербөө керектигин эскертет. Ошондой эле, автоунаа тейлөө жана ижарага берүү кызматын көрсөткөн ишканаларга, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө унаа берүүдө жана ташууда жоопкерчиликти сактоо зарылдыгы эскертилип жатат.
ИИМдин маалыматына ылайык, жол кырсыктарынан жабыркагандардын көпчүлүгүн 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандар түзөт. Бул кырдаал коомдун социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз терс таасир тийгизүүдө.
ЖКККББ жарандардан окуучулар жана айдоочулар тарабынан мыйзам бузуу учурларын байкашса, 0777 102-102 WhatsApp номуруна кабарлап коюуну өтүнөт.