Жаңылыктар
Министрлик: 161 бала түрдүү зомбулукка кабылган
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлик: 161 бала түрдүү зомбулукка кабылган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 1-кварталы боюнча оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укугун коргоо жана жөлөк көрсөтүү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгын жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын алгачкы үч айында жалпы 2 669 бала оор турмуштук кырдаалда экени аныкталган. Алардын ичинен 161 бала зомбулуктун түрдүү формаларынан жабыркаган. Сот чечими менен 195 бала камкорчулук жана көзөмөлчүлүккө өткөрүлүп берилсе, 167 бала асырап алынган. 52 бала адистештирилген интернаттык мекемелерге жайгаштырылган.

Ошондой эле 56 жетим балага "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозитин ачуу үчүн документтер даярдалууда.

Эмгек мигранттарынын балдарына да өзгөчө көңүл бурулууда. Жыл башынан бери 251  миңден ашык үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүп, анын натыйжасында 83 809 мигрант  баланын абалы аныкталган.

Фостердик үй-бүлө системасы да өнүгүүдө. Азыркы учурда 113 фостердик үй-бүлөдө 243 бала тарбияланып жатат, ал эми 48  талапкер үй-бүлө министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат.

Мындан тышкары, 2024-жылы жашы жете электердин  укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү деңгээлде 1 522 комиссиялык отурум өткөрүлгөн.

Министрлик балдардын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, балдарга зомбулукту алдын алуу, коргоо жана реабилитация иштерин системалуу түрдө улантууда.