Жаңылыктар
Жазмыш: Жамила Маматова дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Жазмыш: Жамила Маматова дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчү Жамила Маматова 68 жаш курагында акка моюн сунду. Баарыбыз үчүн оор жоготуу, жазмышка айла жок экен. Эже өмүрүнүн теңинен көбүн кыргыз телерадиосуна арнап, анын өсүп-өнүгүүсү үчүн опол-тоодой салым кошкон эле.

Жамила Маматова 1957-жылы 27-октябрда Ысык-Көл районуна караштуу Таштак (азыркы Жаркынбаев) айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-1973-жылдары Таштак орто мектебинде окуган. 1973-жылы Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырып, “Музыканын теориясы жана тарыхы” адистиги боюнча  республикага белгилүү музыка таануучулардан билим алган.

1978-1982 жылдары Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “Фортепиано, теория, композиция” факультетин аяктап, “Музыка таануучу, окутуучу” адистигине ээ болот.

1987-жылы ошол учурдагы Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин (азыркы УТРК) музыкалык  программалар боюнча башкы редакциясынын редакторлук кызматына конкурстук негизде тандалып алынган экен. Ошондон тарта бул редакцияда редактор, бөлүм башчы, башкы редактор кызматтарын аркалап, 1997-2003-жылдары “Ибарат” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин продюсери да болгон.

Бул жылдары Кыргыз телевидениесинде музыка жаатында алгачкы автордук “Сыбызгы” тележурналын алып чыгып, музыка таануучулук, изилдөөчүлүк жолун көрсөтүү менен элдик музыкадан тарта профессионалдык искусствонун бийик  үлгүлөрүн: салттуу музыкадан баштап опера, балет, симфония, оратория, поэма, ыр, романс сыяктуу ар кандай жанрларын элге таанытып келди.  “Музыкалык жолугушуу”, “ Элдик күүлөр жана аспаптар”, “Симфония дүйнөсүндө”, “Камералык музыкадан концерт”, “Кыргыз искусство чеберлери” сыяктуу  телекөрсөтүүлөрдү жогорку деңгээлде даярдап, эфирге алып чыгып турду.

Кыргыз радиосунда болсо “Тоолуктар добушу”, “Рух дөөлөтү”, “Радиофестиваль”,  “Камертон”, “Музыкалык жолугушуу”, “Музыкалык мозаика”, “Кыргыз композиторлорунун чыгармалары”, “Асылдар ааламы”, “Түз эфирдеги жолугушуу”, “Театр - коом күзгүсү”, “Бүгүнкү музыка”, “Бейне” сыяктуу долбоорлорду тартуулоо менен элдик музыканын өсүп-өнүгүүсү үчүн бир топ жаңычылыктарды киргизген.    

Соңку жылдары УТРКнын “Алтын казына” борборун жетектеп, элибиздин тарыхый мурасын – архивдик материалдарды иреттөөгө жана санариптештирүүгө чоң салым кошту.

Жамила Маматова бүгүн Бишкекте акыркы сапарга узатылды. УТРК жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Жамила эже!