Жаңылыктар
Акыркы жылдары өлкөдө малдын саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы жылдары өлкөдө малдын саны өсүүдө

 Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Нарында ветеринарлар жана жергиликтүү эл менен жолукту. Анда мал киндиктүү облуста жасалма жол менен уруктандырууну колго алууга чакырды.

Учурда мамлекеттик деңгээлде жасалма уруктандырууга өзгөчө көңүл буруулууда. Жасалма уруктандырууга Министрлер Кабинети тарабынан 17,5 млн. сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандары алынууда. Булардын бардыгы облустарга таратылып берилет.

Мындан сырткары, республикалык бюджеттен малды жасалма уруктандыруу үчүн 60 млн сом берилди, бул каражатка жогорку сапаттуу элита сортундагы 270 миң доза урук сатып алуу жана  өлкө боюнча 180 – 200 миң уйду жасалма жол менен уруктандыруу 3 жыл бою жүргүзүлөт.

 Акыркы жылдары республикада малдын саны өсүп жатат. Мисалы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, ири мүйүздүү малдын саны – 1 млн. 828 миң баш, кой-эчки – 6 млн 280 миң баш, жылкы –  553 миң 516 баш, ал эми канаттуулар – 7 млн. 731 миңди түздү.

“Агро өнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору алкагында, 2023-жылдан бери техника гана эмес мал дагы лизингге бериле баштаган.

Бул багытта облуста ишке ашып жаткан «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында Нарын облусунда 3000 баш ири мүйүздүү мал жасалма уруктандырылып, 1912 музоо алынды. Бул — мамлекеттин, адистердин жана фермерлердин биргелешкен аракетинин жыйынтыгы.