Жаңылыктар
Мечит имамдарына стипендия бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Мечит имамдарына стипендия бериле баштады

Апрель айынан тарта Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечиттердин имамдарына стипендия бериле баштады. Бул тууралуу 14-майда муфтияттан маалымдашты. 

Мындай чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашууда. 

Бул жетишкендик өлкөнүн бардык аймактарындагы расмий каттоодон өткөн мечиттерде кызмат өтөгөн имамдарга тиешелүү. Бул аркылуу имамдардын көз карандылыгы азайып, кайрымдуулук же башкалардын колдоосуна таянган шарттан чыгып, калыс, жоопкер жана өз милдетин так аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы бул иш-аракетти коомдук-руханий стабилдүүлүктү бекемдөө, билимдүү жана жогорку даражада даярдалган дин кызматкерлеринин ролун арттыруу, эл арасындагы диний сабаттуулукту көтөрүү максатында ишке ашырууда. Бул кадам радикалдуу идеологиялардын алдын алып, Кыргызстандын өзүнө таандык, мурасчыл, салттуу ислам баалуулуктарын коргоо жана өнүктүрүү жолунда чоң салым болот», – деди муфтий Абдулазиз кары Закиров

Стипендия ай сайын берилип, баштапкы суммасы 8000 сом менен башталган.