Жумгалдын Түгөл-Сай айыл аймагында Түгөл-Суу суу топтоочу жайы (БСР) курулууда. Анын курулушу 2023-жылы башталган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев иш сапар алкагында аталган курулушту көрүп, жумуштун жүрүшү менен таанышты. Анда "Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоорунун жетекчиси Муса Имаров долбоор боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, учурда курулуш кызуу жүрүп, 30 жумушчу жана кубаттуу техникалар тартылган. Буга чейин 130 метр жабык канал, 3 чакырым чарба аралык канал, 21 чакырым ички чарбалык канал, БСРдин чөйчөкчөсүн даярдоо, 8,3 чакырым электр чубаргысы жана 100.10/04 кВ көмөкчордон, 250 метр эксплуатациялык жол, топурак жолду суунун деңгээли каптаган аймактан 1250 метр бортко жылдыруу, Кашка-Суу суусуна көпүрө салуу жумуштары бүткөрүлгөн.
Учурда дамба курулуп, жалпы курулуштун 60 пайызы бүткөн.
Аталган суу топтоочу жай "Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү долбоору аркылуу ишке ашып, Ислам өнүктүрүү жана Сауд өнүктүрүү банктары аркылуу каржыланууда. Курулуштун жалпы сметалык наркы 9 миллон 344 миң 488 доллар болсо, бүгүнкү күнгө чейин 5 миллион долларга жакыны өздөштүрүлгөн.
Суу топтоочу жай бүткөндө 3208 гектарга суу берүү жакшырып, 1602 гектар аянт жаңы өздөштүрүлөт.
Муну менен Түгөл-Сай айыл аймагына караштуу Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Баш-Кууганды, Жумгал, Чоң-Дөбө, Кызыл-Туу айылдарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгы чечилип, жашоочулардын турмуш тиричилиги женилдейт жана түшүмдүүлүк эки эсеге жогорулайт деп болжолдонууда.
Курулушту көргөн Бакыт Төрөбаев жумуштун жүрүшүн жакшы деп баалап, октябрь-ноябрь айында бүткөрүп, пайдаланууга берүү керектигин айтты.
Ошондой эле жумгалдык дыйкандарды толук сугат суу менен камсыздоо үчүн дагы алты БСР куруу зарылдыгы бар. Маселени уккан Төрөбаев биринчи кезекте өтө зарыл болуп турган Базар-Турук, Кара-Кече жана Миң-Теке БСРинин долбоорун даярдап берүүнү тапшырып, 2030-жылга чейин аларды курууга аракеттер жумшаларын белгиледи.