Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу менен таанышты

Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. 

Адылбек Касымалиев комплекстин курулушу менен таанышкан соң иштин учурдагы абалы, жакынкы келечектеги пландар менен долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланыштуу маселелерди талкуулады.

"Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу — аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Биз курулушту өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул албетте бүткүл лыжа кластеринин келечегине инвестиция", - деп белгиледи минкаб төрагасы.

Ал ошондой эле учурда Ысык-Көл облусунда заманбап туристтик кластерди түзүү боюнча масштабдуу долбоордун үстүндө иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Таанышуунун соңунда Адылбек Касымалиев инвесторлорду ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, инвесторлорго максималдуу жардам көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады.