Жарандардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат алуу үчүн облустагы тиешелүү адистер атайын окуудан өтүшүүдө. Окутуу Калкты тейлөө борборунун адистери тарабынан өткөрүлүүдө.
Буга чейин жарандар керектүү маалым каттарды алууда бир нече чакырым алыстагы ар кайсы айылдардан облус борборуна келүүгө мажбур болуп келген.
Мындай тоскоолдуктарды жоюу жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрдүн тиешелүү адистери эми атайын окуудан өтүүдө.