Нарын облусунда 2024-жылы 186 унаа жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 50 адамдын өмүрү кыйылып, 303 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Өспүрүмдөрдүн катышуусунда 31 жол кырсыгы катталып, 8 бала көз жумган.
Өткөн жылы катталган жол кырсыктарынын 76 учуру жолдордо жол белгилеринин жоктугунан, талапка жооп бербеген тротуарлардын айынан келип чыккан. Андан 27 адамдын өмүрү кыйылып, 116 адам жаракат алган.
Нарын ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Чалыбаевдин айтымында, облус аймагында 4800 чакырым унаа жол болсо, ар бир жол тескөөчүгө 326 чакырым жол туура келет. Бөлүмдө 17 техника менен 52 жол тескөөчү иштейт.
Түндүк-түштүк альтернативдик жолу колдонууга берилгенде дагы 120 жол тескөөчүгө муктаждык жаралат. Бул боюнча министрликке билдирүүлөр берилип, маселе каралып жатат.