Жаңылыктар
Таластагы чатырын шамал учуруп кеткен мектеп калыбына келтирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы чатырын шамал учуруп кеткен мектеп калыбына келтирилди

22-январда катталган катуу шамал Айтматов районунун Жоон-Дөбө айылындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Эки аптанын ичинде мектептин чатыры кайрадан калыбына келтирилип, окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учураган жок.

Чолпонбай айыл өкмөтү мектепти өткөн жылы «Кыргызстан»  компаниясы тарабынан камсыздандырган. Аталган компания ыкчам түрдө мектептин чатырын калыбына келтирүү үчүн 864 мин сом бөлүп берген.