Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары толугу менен ондоп-түзөөдөн өтүп, пайдалануга берилди.
Реконструкция иштерине мамлекеттик бюджеттен 52 млн. сом акча жумшалган. 1991-жылы курулган төрөт үйүнүн эскилиги жетип, бейтаптарды кабыл алууга шарты туура келбей калган.
Төрөт үйүндө жалпысынан 8 бөлүм бар, анын экөөсү буга чейин оңдолгон. Калган алты бөлүмдүн да капиталдык ремонт иштери толук буттү.
Оңдоп-түзөөдөн кийин жылытуу системасы, суу түтүктөрү , дубалдары жаңыланды. Ошондой эле эшиктер, терезелер алмаштырылып бардык шарттар түзүлдү.
Түштүк аймактагы төрөтү оор деп эсептелген бейтаптар дал ушул төрөт үйүнө жөнөтүлөт. Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган ымыркайлар ушул жерден күч-кубат жыйнап чыгарылат. Бул жаңылануу анда иштеп жаткан мээрбан энелердин да түйшүгүн жеңилдетти.