Талас шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өткөрүлдү. Ага 13 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр катышты.
Аталган мелдеш жыл сайын облуста салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Мелдешке “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду демөөрчүлүк кылды. Жаш спортчуларга стимул берүү максатында мелдешке жыл сайын өлкөнүн грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөштүн чемпиондору, Олимп оюндарынын медалисттери конок катары чыкырылат. Бул жолку мелдешке Париж Олимп оюндарынын коло медалынын ээси Үзүр Жусупбеков чакырылган.
Мелдештин башкы максаты - өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөп, спортко тартуу.