Айтматов районунун Сулуу-Маймак айылынын борбордук көчөсүнө айыл тургундарынын демилгеси менен тротуар салынып жатат. Бул жол аркылуу окуучулар мектепке баргандыктан бир топ эле кооптуу болгон.
Мындан улам жергиликтүү тургундар демилге кылып, өз күчтөрү менен тротуар салуу иштерин башташкан. Аларга Аманбаев айыл өкмөтү колдоо көрсөтүп, күйүүчү майын камсыздап берген.
Тротуардын узундугу бир жарым чакырымды түзөт. Жол жээктеги эскилиги жеткен бак-дарактарды тазалап, тротуар жасалуучу жээкке кум-шагыл төгүү иштери жүрүп жатат.
Тротуар жасоого алгач 300 дөн ашуун оор жүк ташуучу унаа менен кум төгүлгөн. Жерден тоң кетээри менен асфальт төшөө иштери башталат.