Жаңылыктар
Кыргызстандын бир катар кызмат адамдары ЖККУнун сыйлыктары менен сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын бир катар кызмат адамдары ЖККУнун сыйлыктары менен сыйланышты

2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын бир катар кызмат адамдарына ЖККУнун сыйлыктарын тапшырды.

Уюмдун өнүгүшүнө жана бекемделишине кошкон зор салымы үчүн өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү ЖККУнун I жана II даражадагы Ардак белгилери, ЖККУнун Ардак грамоталары, ошондой эле “Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн” жана “Тынчтыкка бирге” медалдары менен сыйланышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Марат Иманкулов сыйлык алгандарга жигердүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын ЖККУга төрагалыгы учурунда ишмердүүлүктүн жогорку натыйжалуулугун сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча сыйлык алгандардын тизмеси

ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси:

Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Муратбек Азымбакиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Бактыбек Бекболотов, Кыргыз Республикасынын коргоо министри.

ЖККУнун II даражадагы Ардак белгиси:

Марат Маралбаев, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги.

ЖККУ ЖКК Ардак грамотасы:

Жолдошбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору;

Тургунбек Дооронбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Асхат Муратканов, Кыргыз Республикасынын ИИМ ББ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы;

Абзалбек Эргешов, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын Тышкы байланыштар жана верификация бөлүмүнүн улук офицери.

«Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн» медалы:

Ааламбек Арыков, Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын мыйзам чыгаруу иши башкармалыгынын начальниги;

Айчүрөк Набиева, Кыргыз Республикасынын ИИМ МКББ ага инспектору.