Жаңылыктар
Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов ШКУ РАТТ Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеевди кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов ШКУ РАТТ Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеевди кабыл алды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) Аткаруу комитетинин жаңы дайындалган директору Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздук маселелери, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтык жана РАТТтын учурдагы ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен өсүп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында жооп кайтаруу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Марат Иманкулов ШКУ РАТТ Аткаруу комитетинин дараметин жана беделин чыңдоого жигердүү салым кошууга даяр экендигин билдирди.