Жаңылыктар
Баткен: Чек арадагы базар иретке келтирилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Чек арадагы базар иретке келтирилүүдө

Бүгүн Кадамжай районунда жайгашкан Торговыйбазарында “кызыл сызыктан”  чыккан  мыйзамсыз курулуштар, башаламан соода жүргүзүү, тартип, тазалык маселелери боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2-февралга чейин соода жайларын мыйзам чегинде иретке келтирүү жагы акыркы ирет эскертилди. 

Ош-Баткен-Раззаков жолунун 175-чакырымында, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан бул базарда унаа токтоочу жайдын жоктугунан унаалар жол четине токтоп, кооптуу абал жаралган. Ал эми соодагерлердин тартипсиздигинен жөө жүрүүчү тротуарлар азык-түлүк сатуучу жайга айланган. Мындан улам чоң жолдо унаалар менен жарандар аралашып жүрүүгө мажбур.


Ушундан улам Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Батырбек Коргонбаев жетектеген комиссия рейдге чыгып, базардагы маселелерди чечүү боюнча иш алып барууда.

Базардын жетекчилигине чоң жолдогу унаа тыгынын жаратпоо үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 51 сотых жер участкасы бөлүнүп берилгенине карабастан маселени чечпей келгени маалым болду. Бүгүнкү рейдден соң, базар жетекчилиги унаа токтоочу жайдын курулушун баштоону убада кылды.


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 2-февралынан тарта облус аймагындагы ири базарларды жана негизги көчөлөрдү иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштери башталат. Максат - жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо, ыңгайлуу шарт түзүү.