Жаңылыктар
Нарында 57 кызматкер декларация тапшырбаганы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 57 кызматкер декларация тапшырбаганы аныкталды

Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан калаадагымамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнчабирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун жыйынтыктары текшерилди. Бул тууралууНарын шаарынын прокурорунун улук жардамчысы Шайырбек Сулайманов билдирди. 

Анын айтуусунда, Салык кодексинин №106 жана№107-беренелеринин талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында27 кызматкердин 2023-жыл үчүн декларацияны белгиленген мөөнөттү бузуу менентапшыргандыгы, ал эми 57 кызматкердин толук тапшырбагандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 26 кызматкерге карата укукбузуу жөнүндө протоколдор толтурулуп, Нарын шаардык сотунун кароосунажиберилип, 21 кызматкерге үч миң сом, ал эми 5 кызматкерге беш миң сом айып пулсалынган.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгында 57 кызматкертарабынан бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы аныкталып,  укук бузуу материалдары азыркы учурда карооалдында турат.

Эгерде аталган багытта мыйзам бузуулар байкалган болсо,шаардык прокуратуранын 5-52-29 ишеним телефонуна кайрылса болот.

Салык кодексинин №106 жана 107-беренелерине ылайык,  жыл сайын декларация тапшыруу эки этап мененөтөт. 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдыккызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана ишкерлер өткөн жылдагыкиреше-чыгашасы жана мүлкү тууралуу отчет бериши керек.