Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын Транспорт министрлигинин алдындагы Жердежүрүүчү жана суу транспорту департаменти эскертүүдө.
Учурда жолдун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатындагы текшерүү иштери уланып жатат. Стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жол аркылуу оор жүк ташыган машиналардын ашыкча жүгү аныкталса, жеке жактарга 17 500 сом, юридикалык жактарга 55 000 сом айып пул салынат.