Акыркы төрт жылда өлкөдө кылмыштуулук дээрлик 69 пайызга азайганын ички иштер министри Улан Ниязбеков 28-январда президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон учурда билдирди.
Министр жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууда милиция системасы түптөлгөнүн, “Коопсуз өлкө” долбоору ишке ашып, ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөөдө курулуш иштерин жүргүзүү, кылмыштуулук жана укук бузууга каршы күрөшүү жана алдын алуу ишмердиги күчөтүлүп, калкка кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюп, алдын алуу жаатында иш-чараларды алып баруу тууралуу айтты.
Мамлекет башчы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, мекеменин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана калк менен өз ара аракеттенүү иштерин жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи. Президент ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү, ошондой эле укук тартибин жогорку деңгээлде сактоонун маанилүүлүгүнө басым жасады. Жолугушуунун аягында президент министрге коомдук коопсуздукту чыңдоого, министрликтин инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоо системасын мындан ары жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.