Жаңылыктар
“Үч-Чоку”- Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөтө турган дагы бир ири долбоор
Кыргызстан жаңылыктары
“Үч-Чоку”- Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөтө турган дагы бир ири долбоор

Өлкөдөгү эң ири тоо-лыжа курорту - “Үч чоку” долбоорун ишке ашыруу үчүн азыр бир катар мекемелер биргелешип иш алып барууда. Атайын шаарчада оорукана, мечит, термалдык булак, соода борборлору, этно борбор, балдар үчүн оюн аянтчалары, аркан жол жана лыжа трассасы, көлмөлөр, кафе, ресторандар болору белгиленген.

Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде “Кыргыз куршевель” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, курулуш чет элдик инвестицияларды тартууга, калкты иш менен камсыздоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

“Жакында эле Мамкурулуштун жетекчилиги Францияга барып, ал жактын тажрыйбасы менен таанышып келишти. Биз дагы өзүбүз бир нече өлкөгө барып келдик. Себеби, ошол өлкөлөр кетирген каталарды биз эске алуу менен курушубуз керек. Учурда 19 позициядан турган изилдөө иштери бүттү. Бүгүнкү күндө инвесторлор келип жатат. Асма жолун кургандарды биз анализ кылсак, бул жаатта беш-алты эле компания бар экен. Ошолордун баары биздин долбоорго кызыгып келип жатат. Жакында италиялык жана австриялык инвесторлор келди. Инвесторлорго бир мейманкананын же бир нече мейманкананын курулушун сунуштап жатабыз. Аларга карата бир гана сырткы келбетин өзгөртпөө талабы коюлат. Ички жасалгасын өздөрү каалагандай өзгөртсө болот. Кызыгуу аябай көп. Биринчи этабында 1624 гектар жерге Жыргалаң шаарчасын, тоо курортун куруу каралган. Анын 58 гектар жерине шаарча салынат. Ал жерге 49 мейманкана, оорукана, дүкөндөр өңдүү керек болгон нерселердин баарын салууну киргиздик. Бүгүнкү күндө анын долбоору даярдалып жатат",- деди Жаркынбек Максүтов

Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз куршевель” мамлекеттик ишканасы учурда долбоорду ишке ашыруу менен алек болууда. Курулуш иштери ушул жылдын май айында башталып, алгачкы туристерди   2026-жылдын декабрь айында кабыл алуу пландалган.