“Социалдык келишим” долбоору быйыл да уланып, 20 миң жаран менен келишим түзүлөт жана алардын баарына 100 миң сомдон берүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Улан Айбек уулу бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат алгандардын 70 пайызы мал чарба жана дыйканчылык менен алектенүүдө. Калгандары негизинен тигүүчүлүк, соода-сатык, кызмат көрсөтүү тармагында иштеп, кирешесин көбөйтүүдө.
Ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандарга 200 миң сомго чейин пайызсыз насыялар берилип жатат. 2024-жылы жалпы 105 жаран пайызсыз насыя алган.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгаруу максатында 2022-жылы “Социалдык келишим” долбоору иштелип чыккан. Үч жыл аралыгында жалпы 35 миңден ашуун жаран менен социалдык келишим түзүлгөн.