Жаңылыктар
Нарында жол тескөөчүлөргө төшкө таккан камералар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жол тескөөчүлөргө төшкө таккан камералар тапшырылды

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жол тескөөчүлөрү мындан ары облус аймагындагы жол кыймылын камсыздоодо төшкө таккан (боди) камералар менен иш алып барат.

Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана шаардык бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине саптык кароо өтүп, күнүмдүк кызматка чыгууда ар бир кызматкердин төшүндө байкап туруучу 27 боди камералар тапшырылды. Камера менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгында ачылган кырдаалдык борбор жол тескөөчүнүн кызмат алып баруусу, айдоочу менен болгон мамилеси, кызматкердин коопсуздугу жана ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүп турат.

Ошондой эле саптык кароодо ар бир кызматкерге жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, кызматтык тартипти жана мыйзамдулуукту сактоого, жарандар менен сылык мамиле кылууга нускамалар берилди.