Жаңылыктар
Кочкордо беш жүз миң сомду карактоого шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкордо беш жүз миң сомду карактоого шектүү жаран кармалды

Ушул жылдын 7-январында Дөң-Алыш айылында болгон каракчылык фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу маалымат Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан алынды.

Маалыматка караганда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө аталган айылдын тургуну арыз менен кайрылып,  7-январда болжол менен саат 02:00 чамасында  бет капчан белгисиз адамдар  үйүнө кирип, үй ээлеринин денесине залал келтирип, 500 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бар сейфти уурдап кетишкенин билдирген. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты Кочкор РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү эл аралык "Манас" аэропортунан чет өлкөгө учуп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ал Нарын облусунун 1982-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Шектүү Нарын ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 2025-жылдын 22-январында шектүү  Бишкек шаарына өзүнүн автоунаасы менен келип, Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан банктардын бирине барып, өзүнө "М-Банк" акча картасын ачып, ага абоненттик номерин байлап, 450 000 сомго толуктаган. Андан соң анын ичинен кызына 190 000 сом жана жубайына 150 000 сом акча каражатын которгондугу аныкталган. Ошондой эле тинтүү учурунда кылмышкерден буюм далилдери алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда