Жаңылыктар
Орунбеков Жалал-Абаддагы үч судьянын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
 Орунбеков Жалал-Абаддагы үч судьянын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жалал-Абадда үч судьянын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Орунбековдун айтмында, алар оор кылмышка шектелип кармалгандарды мыйзамдарды бузуу менен үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан.

«Кыргызстандык бир жаран маң затын, тагыраагы героинди ташып баратканда укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Үч судья камакка алынган жарандын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Кылмышка шектүү үй камагына чыгары менен чет өлкөгө качып кеткен. Судьялардын жогоруда белгиленген чечимди кабыл алуусунда ири суммадагы акча каражаты — пара роль ойногон деп айтууга толук негиз бар. Окуянын толук чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталмакчы», — деп жазды ал.