Жаңылыктар
Кыргыз-араб бизнес кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-араб бизнес кызматташтыгы

Президент Садыр Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун Башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугушту

Сүйлөшүүлөр башталаардын алдында Мамлекет башчысынын катышуусунда "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" кыргыз-эмират биргелешкен холдингдик компаниясынын уставдык жана уюштуруу документтерине кол коюу аземи болуп өттү. "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты - артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн эмираттардан Кыргызстандын экономикасына түз инвестицияларды тартуу болуп саналат. Баарлашуунун жүрүшүндө потенциалдуу экономикалык кызматташтык жана стратегиялык инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» - Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы инвестициялык кызматташтыгынын жакшы бир үлгүсү болуп калат деген ишенимин айтты. Өз кезегинде Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору өлкө жетекчилиги Кыргызстан менен байланышты бекемдөөдөгү ийгиликтерди, биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлордон бөлөк да түзүлгөн өз ара аракеттенүүнү жогору баалаарын баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Кыргызстан менен кеңири спектрдеги кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.