Жаңылыктар
Жалал-Абад облустук телерадиосу УТРКнын көзөмөлүндө
УТРК жаңылыктары
Жалал-Абад облустук телерадиосу УТРКнын көзөмөлүндө

Жаңылануу жолуна багыт алган УТРК курамын облустук телерадио компаниялар менен толуктады. Алардын бири - Жалал-Абад облустук телерадиосу.

УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев аймактардагы облустук телеканалдардын техникалык абалы, чыгармачылык топтун аракеттери, көрүүчүлөрдүн табитине ылайыкташкан жаңы долбоорлор менен таанышуу иш сапарын Жалал-Абад телерадиосун кыдырып көрүү менен улантты.

Башкы директор баштаган топ Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын жамааты менен жолугушуп, пикир алмашты. Техникалык абалын жеринен көргөн жетекчи мыкты долбоорлор жана телекөрсөтүүлөр УТРКнын негизги телеканалдарынан көрсөтүлүп, эфирдик убакыт берилээрин билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук телеканалы суткасына 17 саатык эфир берет. Жеке ютуб каналы, социалдык баракчалары аркылуу да чыгарган продукцияларын элге жеткирүү аракетинде.