Жаңылыктар
УТРК жаңы жүздөрдү издеп…
УТРК жаңылыктары
УТРК жаңы жүздөрдү издеп…

Башкы директор Б.Тиллебаев УТРК жаңы жүздөрдү издеп жарыялаган кастингдин жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

Жаңылануу жолуна багыт алган Улуттук биринчи канал жаны жүздөрдү издеп, алып баруучуларга жарыялаган кастингге 200гө жакын каалоочу катышкан. Кастинг эки тур менен өтүп, жыйынтыгында 20 бала жеңүүчү болгон.

Башкы директор жаштарды жеңиши менен куттуктап, алдыда дагы көп тажрыйба, окуу, сыноолор күтүп жатканын айтты.

“Биз жаштар иштесин, телерадио жаңылансын деп, жаңы жүздөрдүн гана эмес, жаңы идеялардын сынагын өткөрдүк. Алып баруучу болуп таанылуу үчүн, адегенде ага чейинки кабарчылык, режиссер-операторлук, редакторлук чоң мектептен өтүш керек. Сиздерден жаңы программаларды, жаңыча алып баруу ыкмаларын күтөбүз” деди Б.Тиллебаев.

Жаш кадрлар бир ай УТРКнын атайын окуу курстарынан өтүп, бөлүнгөн телеканалдарынан тажрыйба топтошот. Талаптарга жооп бере алгандары УТРКга кызматка алынып, расмий иштөө укугуна ээ болот.

Эске салсак, кастингге 20дан 35 жашка чейинки, үнү жагымдуу, сөз байлыгы кенен, келбети келишимдүү, жогорку билими бар жаштар чакырылган. Негизги басым ар кыл темада кенен сүйлөшө билген,ток-шоу, маалымат, аналитика, мадаият, көңүл ачуу берүүлөрүн даярдап, алып барууга даяр катышуучуларга жасалган.