Биринчи айым Айгүл Жапарова Москва шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борбору 2003-жылдан бери иштеп келет. MМЛУнун ректору Ирина Краева билдиргендей, университет 1930-жылы үч чет тилде өз ишин баштап, бүгүнкү күндө бул сан 38ди түзөт. Хинди жана суахили - 39 жана 40 тилдерди киргизүү иштелип чыгууда. Кыргыз тили борборунун директору - доцент, филология илимдеринин кандидаты Жеңишгүл Хулхачиева. Анын негизги максаты – кыргыз тилин билген жогорку квалификациялуу адистерди сапаттуу даярдоо. Борбордун ишинин негизги багыттары: россиялык студенттерге кыргыз тилин үйрөтүү, окуу-методикалык базаны өнүктүрүү, кошумча билим берүү программаларын жана кесиптик кайра даярдоо программаларын иштеп чыгуу, Россияда кыргыз тилин жана маданиятын жайылтуу, Россия менен маданий, ишкердик, чыгармачылык жана руханий байланыштар чыңдоо жана башкалар. Аталган борбордун жетекчиси Жеңишгүл Хулхачиева студенттер кыргыз тилин жана маданиятын абдан кызыгуу менен окуп жатышканын, Кыргызстанга барууга дилгир экенин белгиледи.
Айгүл Жапарова Борбордо студенттерди кыргыз маданиятына, кыргыз элинин каада-салтына жакындатуу, ар бир студент окуган жылдарын эстеп калуу максатында түзүлгөн шарттарды канааттануу менен белгиледи.
Университетке баруунун алкагында Айгүл Жапарова ММЛУнун Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Биринчи айым ушул эле күнү Россиянын Коомдук палатасына барып, “Боорукердик айлампасы” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу жүрүшүндө эмгек мигранттарынын маселелери, ийгиликтүү тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрү, түрдүү тармактардагы, атап айтканда фонддордун иши боюнча тажрыйбалар талкууланды.