Бүгүн, 8-март аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн - аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү.
Аялдардын тең укуктуулукка умтулуусу Байыркы Римде башталган. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары иш таштап, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан.
1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2- эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган.
Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул күн 1-жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария жана Данияда, ал эми Россияда 1913-жылы өткөрүлгөн. СССРдин убагында СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча аялдардын эл аралык күнү - 8-март дем алыш күн болуп жарыяланган.
Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер пайда болгон. 1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Учурда аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет. Расмий түрдө 32 мамлекетте таанылган.