Жүргүнчү ташыган айдоочуларда жоопкерчилик менен талап жогору. Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы 8-марттан баштап күчүнө кирип жаткан жол эрежесин бузгандар үчүн айыптын жаңы ченемдерин Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын жамааты менен облустарга каттаган айдоочуларга түшүндүрдү. Аларды жол эрежелерин бузбай, унаада отургандардын коопсуздугун камсыздап, абайлап айдоого чакырышты.