Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ири базарлардын жетекчилери менен кассалык көзөмөл аппаратты жана электрондук товардык транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча сүйлөштү. Эми салык кызматы менен экономика министрлиги ишкерлер үчүн атайын билдирмелерди даярдап, түшүндүрүү иштери улантылат.