Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз тартып алуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта айтылгандай, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургадыгы үчүн кылмыш иши козголду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган.
Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан. 6-мартта бул адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.