Жаңылыктар
Бишкектин бир катар конуштарында таза суу убактылуу берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин бир катар конуштарында таза суу убактылуу берилбейт

Эртең, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. 

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат. Суу "Энесай" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. 

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.