Жаңылыктар
Байтик Канай уулу атындагы сейил бак ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Байтик Канай уулу атындагы сейил бак ачылды

Борбор калаа дагы бир сейил бак менен толукталды. Бул жолу Байтик Канай уулу атындагы сейил багына мамлекеттик катчы, шаар мэри баштаган бир катар жетекчилер, тургундар чогулуп баатырдын эстелигин ачты. 

Айкелде Канай уулунун башына калпак кийип, колуна куш кармап турган элеси түшүрүлгөн. Аталган жайга 75 млн сом бөлүнүп, инфраструктураны жакшыртуу үчүн Жашыл чарба муниципалдык ишканасы эки жылдай иш алып барган. 

Байтик баатыр XIX кылымдагы кыргыз элинин талаптарын Кокон хандыгынан коргогон саясий ишмер болгон. Ал уюштурууга жөндөмдүү, маселелерди көсөмдүк менен туура чече алган, кадыр-барктуу инсандарды колго ала билген дипломат да болгон. 

Айта кетсек, баатырдын 200 жылдыгы былтыр мамлекеттик деңгээлде белгиленген.