Мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты.
Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.