Жаңылыктар
Туу көтөргөн эгемен элдин келечеги
Кыргызстан жаңылыктары
Туу көтөргөн эгемен элдин келечеги

3-март мамлекеттик туу жана 5-март ак калпак күнүнө карата шаардагы №75 мектеп лицейинде балдарды мекенчилдикке тарбиялаган салтанаттуу иш-чара өттү.

 Анда балдар эгемен өлкөнүн символикасы болгон туу менен улуттук баш кийим ак калпакты даңазалаган ырларды аткарып, башталгыч класстын окуучулары үлгү көрсөттү. Билим берүү уясында мындан сырткары мекенди сүйүүгө багытталган ачык сааттар өткөрүлүп турат.