Баткендеги Лейлек районунун эли Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөттү. Аны райондун акими Алмазбек Рахманкулов бүгүн элчиликке алып келип тапшырды.
Шарты катаал алыскы аймак болгонуна карабай акчалай жардам менен боз үй берген тургундарга түрк элчилиги ыраазычылык билдирип, мындай колдоолор кымбат экенин айтты.