Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасын пайдалануучуларга лицензия берүү ишин иретке келтирүүдө.
Кыргызстанда жер казынасын пайдалануучулардын жылдар бою созулган лицензия алуу ишиндеги баш аламандыктан ким пайда көрдү? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Эксперттик, уруксат берүүчү, лицензиялык документтер башкармалыгына ушул суроону узаттык. Чынында бул башкармалыктын учурдагы кызматкерлери сөздүн түз маанисинде мурдагы ведомстволордон “мурас” катары калган урандыларды тазалоо менен алектенүүдө.
КР жаратылыш министрлигинин Эксперттик, уруксат берүүчү, лицензиялык документтер башкармалыгынын башчысы Нурзат Жоокаеванын айтымында, алардын командасы бул максатта 2022-жылдын май айында түзүлгөн.
"2020-жылы Динара Асиевна КР жаратылыш министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин жетекчисине бардык лицензиялык иштерди ирээтке келтирүү керектигин жана лицензияларды милдеттүү түрдө кезек менен берүү зарылдыгын бир нече жолу айткан. Андан кийин башка жетекчиге дагы ушул көрсөтмөлөр берилген, бирок натыйжа болгон эмес. Анан Динара Асиевна бул маселени өзүнүн жеке көзөмөлүнө алып, биздин команданы түзгөнүн айтты. Башкача айтканда, биздин карамагыбызда азыр Уруксат, лицензия жана экспертизанын корутундусу сыяктуу документтер бар. Бардык документтер бирдиктүү терезеден өтүшү үчүн биз лицензияга, экспертизага жана уруксатка өтүнмөлөрдү берүү боюнча бирдиктүү форманы иштеп чыктык. Баса, бизди таң калтырган нерсе, буга чейин бирдиктүү арыз формасы болгон эмес.
Биз өз ишибизди жер казынасын туура пайдаланууга анализ жүргүзүүдөн баштадык. Жыйынтыгында, бир топ кемчиликтер аныкталды.
Биринчиден, лицензиялык иштер абдан кейиштүү абалда болгон. Лицензиялык иште арыздын өзү болушу керек, ага бир катар документтер тиркелет. Андан кийин лицензиялык келишим берилет. Бул документтердин бардыгы бир жерге топтолушу керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, жер казынасын пайдалануучуга лицензиялык иш ачылат жана ай сайын ал лицензияны кармап туруу үчүн жыйым (СУЛ) төлөп турууга тийиш. Мындан тышкары, жер казынасын пайдалануучу рекультивациялык эсеп ачышы керек жана бул маалымат анын ишинде милдеттүү түрдө тиркелиши зарыл. Бүгүнкү күндө бизде эмне бар? Бизде 2433 иштеп жаткан лицензиялык иштер бар. Алардын белгилүү бир саны олуттуу бузуулар менен түзүлгөнү аныкталган. Документтер кантип каттоодон өткөнү тууралуу толук маалымат жок. Квитанциялар бар, бирок аларда конкреттүү маалымат жазылган эмес. Ал эми айрым квитанциялар таптакыр жок. Кээ бир лицензиялык иштер бар, анда квитанциялар лицензиялык иштин номери менен бирдей эмес, кээ бирлеринде жазуулар көрүнбөйт же эч кандай маалымат көрсөтпөстөн кол менен толтурулган. Биздин башкарма 2022-жылы жогорудагы ишти иретке келтирүү менен алектенди", - деди Нурзат Жоокаева.
Башкармалыктын башчысы кимдир бирөө бул иштен пайда көргөн деп божомолдогон.
"Азыр биз баарын иретке келтирип жатабыз. Бул башаламандыкка эмне түрткү болгону белгисиз.
Мындан тышкары, 2007-жылдан 2020-жылга чейин жокко чыгарылган лицензиялар архивге өткөрүлүп берилиши керек болчу. Бирок бул да аткарылган эмес.
Ушул сыяктуу иштерди иретке келтирүү үчүн КР жаратылыш министрлигинине караштуу Лицензиялык иштерди түзүү жана эсепке алуу бөлүмүн түздүк. Жокко чыгарылган иштердин баарын чогултуп, иретке келтирип, эми архивге өткөрүп беребиз", - деди ал.
Жокко чыгарылган иш кагаздары бардык жерде чачылып жатты: кутучаларда, текчелерде, жада калса терезелерде. "Бул атайын жасалган башаламандык сыяктуу сезилет. Башкача айтканда, лицензиялык иштерди түзүү боюнча иштер дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Лицензиялык иштердин көрүнүшүн өзүңүз көрө аласыз: аларда хронология дээрлик жок. Документти табуу үчүн, бардык папкаларды барактап чыгуу керек. Иштердин тизмеси жок. Көптөгөн документтер, анын ичинде лицензиялар жок", - деди ал.