Жаңылыктар
Компьютердик оюндардын терс таасири
Кыргызстан жаңылыктары
Компьютердик оюндардын терс таасири

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору балдардын компьютердик оюндарга берилип кетүүсүнүн түпкү себебин билдирди. 

Мындан тышкары, борбордон виртуалдык оюндарга көз каранды болуп калган балдарга мүнөздөмө да берилди. Адистер белгилегендей, компьютердик оюнду ойноп жатканда баланын организминде эндорфин - ырахаттануу гормондору бөлүнүп чыгат, бул аны психологиялык-эмоционалдык абалга жетелейт. 

Мындайда бала уктабай, тамактанбай сутка бою ойноп отура бериши мүмкүн. Окууга, достору менен ойногонго жана башка нерселерге кызыгуусу тарай баштайт.

"Виртуалдык оюндарга берилип кеткен баланын көрүүсү, угуусу начарлап, омурткасы кыйшайып, уйкусу бузулат, башы ооруйт. Айланадагыларга бат кыжырданат. Көп учурда балага көңүл буруу, баарлашуу жетишпегенде, теңтуштары менен тил табыша албай компьютердик оюндарга катуу берилип кетет. Мындан тышкары, мындай азгырыкка уялчаак, өзүнө ишене албаган, өзүн эркин сезе албаган балдар да бат кирет. Алар ошол оюнда өздөрүн күчтүү, баатыр сезе алышат", - деп айтылат борбордун маалыматында. 

Психологдор башталгыч класстын окуучулары компьютерде күнүнө 15-20 мүнөт, орто класстагы балдар 30-60 мүнөт, чоң класстар 60-90 мүнөт отурса туура болорун белгилешкен.