Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары өкмөттүк программада - Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында чагылдырылган негизги максаттарга токтолуп, Азия өнүктүрүү банкы менен мүмкүн болуучу кызматташуунун негизги багыттарына токтолду.
Маалым болгондой банк мындан ары да климаттын өзгөрүшү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, ошондой эле аймактык кызматташтык жана интеграция чөйрөсүндө колдоо көрсөтүүгө артыкчылык берет.
Соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары энергиянын кайра жаралуучу булактары, чакан ГЭСтерди куруу жана «жашыл» күн тартиби тармагында долбоорлорду ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт катары белгилеп, Азия өнүктүрүү банкына Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.