Орусиядан гуманитардык жардам иретинде өлкөгө өрт өчүрүүчү 40 унаа келди. Техника эки мамлекеттин президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди. Бул-- жыл жаңыргандан бери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн көп сандагы унаалар берилген экинчи учур.