Эл аралык Айтматов академиясы анык мүчөлөрүн жана ардактуу мүчөлөрүн шайлады.Академиянын президиумунун чечими менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиев “Эл аралык Айтматов академиясынын академиги” болуп шайланды.
Белгилүү обончу, композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сардарбек Жумалиев “Эл аралык Айтматов академиясынын ардактуу академиги” болуп шайланды.“Эл аралык Айтматов академиясынын академиги” төш белгисин Академиянын президенти Абдылдажан Акматалиев илим тармагынын илимий кызматкерлеринин катышуусунда салтанаттуу тапшырды. Айтматов академиясы улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтууга салым кошкон, Айтматов таануу илиминде жазуучуну пропагандалоодогу эмгеги менен өзгөчөлөнгөн инсандарды Академиянын мүчөлүгүнө кабыл алып келе жатат.
Кайрат Иманалиев маданият тармагынын өкүлү, белгилүү драматург катары Айтматовдун чыгармаларына кайрылып, аны сахна жана телерадио аркылуу таанытып, жамы журтка жайылтып келе жатса, Сардарбек Жумалиев жазуучунун чыгармаларын музыка дүйнөсү аркылуу угузуп жүрөт. УТРК жамааты башкы директор Кайрат Иманалиевди жогорку наамы менен куттуктайт.