Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россияда чыгарылган 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды.
Иш чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын Жарандык коргонуу иштери, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, жыл сайын республика аймагында 200дөн ашык ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталат. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттеринен келтирилген материалдык чыгым 4 млрд сомду түзөт.
Бул техниканы алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаалар паркын толугу менен жаңыртып, куткаруучулардын ишин бир топ жеңилдейт.