Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны "Манас" эл аралык аба майданынан Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алды.
Министр Александр Куренковдун иш сапарынын алкагында 1-мартта Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унааны расмий түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.