Жаңылыктар
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды

Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Эмгек, моциалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда 2023-жылдын 1-январына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6%га азайган, анын ичинен катталган жумушсуздар 74,7 миң адамга, же 1,7%га аз.

Жалпы жумушсуз катары катталгандардын ичинен 44,3%ы аялдар.

Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8 пайызды түздү.