Жаңылыктар
Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен 1-марттан 1-июнга чейин көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, анда облус аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу иш-аракеттери колго алынмакчы. 

Ага катар дарак көчөттөрүн отургузуу, коомдук жайларды, жол жээктерин таштандылардан арылтуу, негизги жана ички сел каналдарды тазалоо жумуштары милдеттендирилген. 

Белгиленгендей, үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү үчүн облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган штаб түзүлгөн.